Мекеним Кыргызстан

Абшыр-Ата шаркыратмасы — Ажайып Кыргызстан

ПАРТНЁР

Абшыр-Сай өзөнүндө жайгашкан шаркыратма Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 1500 метрден 2500 метрге чейинки бийиктикте орун алган.

Шаркыратма келген кишилерди абдан таң калдырат. 12-15 метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат.

Шаркыратмадан анча алыс эмес жерде мөлтүр кашка суусу бар Котур-Булак жайгашкан. Анын суусунун дарылык касиети бар экени айтылып келет.Байыркы уламыштарга караганда бул жерде мурда суу эмес сүт акчу. Илгери-илгери дербиш таягы менен асканы урганда ал жерден сүт атырылып чыккан экен. Ошондон бери бул жер ыйык деп эсептелип келет. Бирок кишилер бул жерге көп сыйынбай, аны сактабай койгондуктан сүт сууга айланган.

Ошентсе да бул жер азыркы күнгө чейин ыйык деп эсептелип, келген кишилер абдан көп.

Рекомендуем добавить сайт в закладки, чтобы не потерять Ctrl+D. Сайтты жоготпош үчүн Ctrl+D басып закладкага саптап коюуну сунуштайбыз. 
Аркылуу
Фото © Ahmet_dogantriptokyrgyzstan Toichubek Boronbaev

Ой-пикир кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button
Конкурс-Ютуб каналыбызга жазылыңыз