Кыргыз аялдары кылымдар бою узун, кенен кийимдерди кийишип келген, аялдардын кийимдери бир гана үй иштерине эмес ошондой эле ат үстүндө да ыңгайлуу жана жарашыктуу болгон.
Убакыт өтөт, мода өзгөрүлөт. Акыркы 10 жыл ичинде ата мекендик дизайнерлер этникалык стилге көп басым жасоодо, тиккен кийимдер көптөрдүн кызыгуусун жаратууда. Кыргыз дизайнерлери тиккен кийимдерди жергиликтүү фешн индустрия өкүлдөрү гана кийбестен, башкалар да кийишет.
Сонун.инфо сиздерге дизайнерлердин кыргыз элинин улуттук кийимдерин жаңы этностилдеги эмгектерин сунуш кылат.
хештег
-
Улуттук кийимдер жонундо макалдар
-
Улуттук кийимдер белдемчи
-
Улуттук кийимдери эмнеден жасалат
-
Улуттук кийимдер аталышы
-
Улуттук баш кийимдер
-
Улуттук баш кийимдер калпак
-
Кыргыз улуттук баш кийимдер
-
Улуттук кийимдер суроттор
-
Заманбап улуттук кийимдер
-
Улуттук кийимдер мода
-
Кыргыз улуттук кийимдери суроттору
-
Кыргыз улуттук кийимдери фото
-
Кыргыз улуттук кийимдери чапан
Chapan студиясынан Чапан кийими.
Чапан — эркектер менен аялдар кийчү сырткы кийимдердин бир түрү, өткөн кылымда кеңири таралган. Бүгүнкү күндө да популярдуу боло баштады.
Дизайнер модельер Айпери Обозовадан кыргыз орнаменти түшүрүлгөн коллекциялары
Күрмөнүн, чапандын, кемзалдын жана башка сырткы кийимдердин ичинен кийилчү көйнөк. Азыркы учурда да абдан популярдуу болуп, көпчүлүк кыргыз аялдарынын кийим текчесинен орун алган.
Жилет (чыптама)
Чыптама — жеңи жок, узуну белге чейин аялдардын жилети. Аялдар аны көйнөктүн үстүнөн кийишет. Бул кийим жылуу жана жеңил болот, мурда негизинен көпчүлүк учурда үйдө кийишкен, азыр ар күнү кийилчү кийим болуп калды.
Тебетей
Тебетей — кыргыз элинин салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим.
Элечек
Бул — баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.
Шөкүлө
Конус формасында тигилген кыргыздын кыз-келиндеринин элдик баш кийими. Өтө кооз, аны күйөөгө аттанган кыз ата-энесинин төрүнөн кийип чыгат.
Кооздолгон зергер буюмдары
Бул — алтын-күмүш устасы. Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер жез, мис, датчалабас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары
Кептакыя
Бул — аялдардын баш кийими, аны көбүнчө турмушка чыга элек кыздар кийишкен. Турмушка чыккандан кийин үстүнөн элечек кийген. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат.