IT-Маалымат технологиясыЖаңылыктар (HiTech)Пайдалуу кеңештер

Бул сайт сиздин эски ак-кара сүрөттөрүңүздү түстүү кылып боёп койот

          Техниканын өнүгүшү менен, биздин мүмкүнчүлүктөр кеңейип бара жатат. Азыркы тездик менен өнүгүп жаткан маалымат технологиясына чейин биз  жасалма интеллект өз алдынча эски ак-кара сүрөттөрдү боёгонду элестете алмак эмеспиз. Буга чейин эски сүрөттөрдү боёш үчүн ар кандай татаал программаларды пайдаланып келгенбиз, эми төмөндөгү сайтты пайдаланып аз убакыттын ичинде сүрөттөрүңүздү жаңы өң берип, оңой эле боёп алсаңыз болот.           Algorithmia деген Америкалык компаниясы ак-кара (черно-белый) сүрөттөрдү ар кыл түстүү кылып боёочу онлайн кызматын иштеп чыкты. Кызматты иштеп чыккандардын айтымында, Нейротармактын жардамы менен миллиондогон жүктөлгөн түстүү сүрөттөрдүн негизинде  сүрөттүн ар бир элементин өз алдынча ылайыктуу түскө боёгонун үйрөткөн.

          Сүрөтүңүздү боёш үчүн, Algorithmia https://demos.algorithmia.com/colorize-photos/ сайтындагы атайын кутучага сүрөттүн шилтемесин койосуз же сүрөтүңүздү жүктөйсүз анан Colorize it кнопкасын басасыз.

Sonun.info  Algorithmia кызматынын жардамы менен сүрөттөрдү бойоду, жыйынтыгын көрүңүздөр, чындап эле сонун!


Аркылуу
Algorithmia
Белгилер

Ой-пикирлер:

Ой-пикир кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Арифметикалык амалды аткарыңыз *

Back to top button
Close