ВидеоДүйнө кызыктарыЖаныбарлар дүйнөсү

Сөзсүз көрүшүңүз керек болгон алты документалдуу фильм

ПАРТНЁР

Sonun.info кругозорду кеңейтип, реалдуу жашоого саякат жасоого жардам берген мыкты документалдуу фильмдердин бир нечесин тизмектеп чыкты.

 

Дом. История путешествия / Home (2009)

Легандарлуу Янна Артюса-Бертрандын укмуш тасмасы жер планетасынын чыныгы сулуулугун жана улуулугун көрсөтөт. Жер планетасы бул биздин жалпы үйүбүз. Керемет, ошону менен бирге адамзаттын кыйратуу ишмердүүлүгүнүн таасири алдында алсыз.

Фильм планетабыздын келечегин сактап калуу үчүн биригүүгө чакырык катары тартылган. Ошондуктан ал бекер таратылат.

Тасманын баары тик учак менен бийиктиктен жогору сапатта тартылган.18 ай бою сүрөт тартуу тобу 53 өлкөгө сапар кылышкан. Ошол эле учурда , мисалы Кытай жана Сауд Арабия сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө бийиктиктен тасмага тартууга уруксат беришкен эмес жана тартылган материалдын 80 пайызын алып коюшкан. Ал эми Аргентинада тартуучу топ бир жума түрмөдө жаткан.

 

Гражданин четыре

2013 — жылы январь айында Лора Пойтрас CITIZENFOUR аттуу белгисиз кишиден шифрдалган  электрондук кат ала баштаган. Катта ал АНБ США жана дүйнө жүзү боюнча башка чалгындоо органдары менен бирдикте мыйзамсыз жашыруун программа көзөмөлдөрүн ырастаган далилдер бар экенин айткан.

Беш ай өткөндөн кийин, Лора Пойтрас жана журналистер Гленн Гринвальд, Ивен МакАскилл менен ошол киши менен жолугушууга Гонконгко келишет. Бул жаран Американын чалгындоо кызматында иштеп кеткен Эдуард Сноуден болгон…

 

Спасти планету

БУУнун бүткүл дүйнөлүк жаңы элчиси Леонардо Ди Каприо, климаттын олуттуу маселелери жана көйгөйлөрү менен жакындан таанышат. Суматра токойлорунан тарта Гренландия аралына чейин кыдырып, Ди Каприо биздин планетадагы климаттын өзгөрүүсүнүн таасирин изилдеп чыгат.

Ал өзүнүн атактуулугун пайдаланып улуу окумуштуулар, активистер жана ошондой эле Барак Обама, Илона Маск менен да баарлашып, көйгөйлөрдү бардык тараптан кароого аракет кылат.
Кеч болуп кала электе, биз эмне кыла алабыз? — деген суроого Лео жооп издейт.

 

Малыши (Babies), 2010

Фильм дүйнөнүн төрт бурчунда төрөлгөн кичинекей төрт баланын көзү менен дүйнөнү көрсөтөт.

 

Независимая игра: кино (Indie Game: The Movie), 2012

Өзгөчө оюн ойлоп табууну каалаган төрт компьютер оюндарын иштеп чыгуучу адамдар тууралуу фильм. Тасмадан чыныгы жаратман кандай тоскоолдуктардан өтөөрүн көрүүгө болот.

 

Океаны (Oceans), 2009

Көрүүчү фильмди көрүп жатып океандын толук изилденип бүтө элек бөлүгүнө саякат жасайт. Бул жерде дээрлик эч кандай адам жок, бирок, ар бир каармандын өзүнүн кичинекей окуясы бар сыяктуу көрүнөт.

 

Рекомендуем добавить сайт в закладки, чтобы не потерять Ctrl+D. Сайтты жоготпош үчүн Ctrl+D басып закладкага саптап коюуну сунуштайбыз. 

Ой-пикир кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Тема боюнча

Back to top button
Конкурс-Ютуб каналыбызга жазылыңыз