Долбоор жөнүндө

Ноутбук на столе

Биздин ой-максатыбызга ылайык келген бардык көркөм чыгармалар, чебер колдордун адамзатка сунган өлбөс тартуулары. Убакытты көрсөтүп туруучу саат, көзүбүздүн курчу кеткенде көрүүгө жардам берген көз айнек, алысты жакындаткан телефон, дүйнөнүн төрт бурчунан үндөрдү жана сүрөттөрдү чагылдырып берген радиотелевизор, бизди бир жерден башка бир жерге ташыган поезд, автобус, учак жана космостук кемелер сыяктуу адам баласына ыңгайлуулук тартуулаган буюмдардын баары өнөрлүү адамдардын колунан чыккан.

Чыныгы илим өнөр жана чыгармачылык аркылуу өзүн көрсөтөт. Өнөр жана чыгармачылык жаатында эч кандай эмгеги болбогон адамды көптү билет деп айтууга болбойт. Өнөр жана чыгармачылык жан дүйнөнү жана сезимдерди өстүрүүнүн эң негизги жолдорунан болуп саналат.
Биз sonun.info чыгармачылык бардык кылган ишибизде тыгыз байланышта болуп, жашоонун негизи болушун каалайбыз. Анткени, чыгармачылык адамдын руханий жан дүйнөсүн байытат, кызыктуу жана жакшы жакка өзгөртөт. Биздин максат — эбегейсиз чоң интернет мейкининдеги сонун-кызыктуу жана пайдалуу жаңылыктарды көп кырдуу дүйнөнү чагылдырып көрсөтүү.

 

Эгер сунуш, ой-пикирлер болсо жана долбоорго кошулгуңуз келсе, биз менен байланышыңыз:
Байланыш үчүн

Комментарии:

Ой-пикир кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Арифметикалык амалды аткарыңыз *

Back to top button
Close