Интернет желесинде кыргыз китептерин табуу кыйынчылык жаратат. Ошондуктан sonun.info төмөнкү платформаларды сунуштайт, ал жерден электрондук китептерди бекер жүктөп алсаңыз болот. Бул электрондук китепканалар учурда түзүлгөн кырдаалда жакшы инструмент болооруна ишенебиз. Китепканалар мындан ары дагы жаңы, сапаттуу жасалган китептер менен толукталат.
Электрондук китептер кочуруу
Bizdin.kg — Сайттан түрдүү жанрдагы бекер электрондук китептерди табуу мүмкүн.
Bizdin.kg
OKUMA.KG — Кыргыз тилиндеги электрондук китепкана
Cайт М. Мамаюсуповдун жеке демилгеси жана ОшМУ нун колдоосу аркылуу, кыргыз тилиндеги окуу китептердин ачык электрондук китепканасы катарында ачылып, “Агартуу Академиясы” фонду демилгелеген долбоор аркылуу, Сорос – Кыргызстан фондунун «Маалымат» программасынын алкагында бөлгөн каражатына, 2017 – жылдын 20 – майында кеңейтилип түзүлгөн.
Okuma.kg
Lib.kg — Кыргызстандын ачык электрондук китепканасы.
Ачык окуу куралдарынын жана башка материалдардын идеясын бириктирүү жана популяризациялоо максатында түзүлгөн, редакциялануучу ачык, электрондук китепкана болуп саналат.
Lib.kg
Kitep.edu.gov.kg — электрондук китепканасы ишке берилди.
Учурда системага мектеп программасында окулуучу бардык предметтер боюнча окуу китептеринин электрондук варианты киргизилген. Китептер төрт тилде. Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуган мектептеп окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.
Электрондук китепкана кыргыз жана орус тилдеринде жасалган. Кирүү акысыз жана каттоону талап кылбайт.
Kitep.edu.gov.kg
El-Китеп — сайтынын негизги максаты — кыргыз акын-жазуучуларына көмөктөшүү аркылуу интернетте кыргыз тилдүү адабияттын санынын өсүшүнө салым кылуу.
El-Китеп
Kyrgyz-audio.com — Кыргызча жомоктор, ырлар текстери жана аудиокитептер жыйнагы.
Kyrgyz-audio.com
Пайдалуу маалымат, рахмат
ealmazova.091@gmail.com
Открытый институт РЮО
А
Нөлдөн башталган миллинер китебинин электрондук вариантын качан чыгарасыздар?
Баары сонун
Sonun inci албетте Сонун
Рахмат 🙂
Тцнук суйууну кантип окуйм ачпай жатат
Көпчүлүк PDF форматындагы электрондук китептерди окуш үчүн Adobe Reader программасын орнотуу зарыл.
Компьютерге:
Телефонго бул жерден көчүрсө болот:
Кылычсыз самурай Япон кереметинин сыры китептерин каяктан каяктан окууса болот
Саламатсызбы кааласаңыз мен жөнөтүп койойун