CүрөтДүйнөМекеним Кыргызстан

Кыргызстан-укмуш сүрөттөр! Башка планетада тартылган сыяктуу

Голландиялык фотограф Алберт Дростун Кыргызстан тууралуу фотобаянын чет элдик бир катар маалымат каражаттары жарыялашты. Ала-Тоонун кооз жаратылышын, адамдардын жай турмушун чагылдырган сүрөттөрдү Алберт алгачкы сапарында эле тарткан.

Дрос: Өзүм үчүн кооз Кыргызстанды ачтым

Фотограф учурда социалдык тармактар аркылуу чет элдиктерге Кыргызстан жөнүндө айтып берип, “табиятына кол тие элек өлкөнү» көрүп кетүүгө чакырууда.

Алберт Дрос: Ооба, бул менин Кыргызстанга биринчи сапарым болду. Буга чейин мени кызыктырган өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, аларга саякаттагым келип жүрчү. Арасында Кыргызстан да бар эле. Ошондуктан бул өлкө тууралуу Интернеттеги маалыматтарды окуп, сүрөттөрүн көргөм. Сүйлөшкөн кызым да кыргыз.

Кыргызстандын эли абдан ачык экенин байкадым, сүйлөшүп да жаттык. Англис тилин жакшы билбесе да, мени кепке тартып, мамиле түзгөнгө аракет кылышты. Мен да кыргызча билген сөздөрүмдү колдонгонго аракет кылдым.

Мага өзгөчө жайлоодогу чабандар жакты. Алар ушундай керемет табияттын курчоосунда жашайт экен. Мага абдан жакшы мамиле кылышты. Ошондуктан мен өзүмдү ыңгайсыз сездим, кыжаалат болдум же корктум деп айта албайм. Кыргыздар абдан жакшы эл экен.​ Мен тоолор ушунчалык кооз болорун элестеткен эмесмин. Кай жакка барбайын, бардык жерден көздүн жоосун алган табиятка суктанып бүтө алган жокмун. Абдан таң калтырганы, бир өлкөнүн ичинен ушунча көп түрдүү пейзажды кездештире алдым. Бир нече саат жол жүрсөң эле ак кар баскан, бийик аскаларга жетип калат экенсиң. Башка жагына барсаң АКШнын Юта штатындагы каньондордун эгизин көрүүгө болот.

Мен эл аралык жана Нидерландда чыккан бир катар журналдар менен иштешем. Ал жактарга сүрөттөрүм жарыяланат жана барган өлкөлөрүм тууралуу макала да жазып турам. Сүрөттөрүм National Geographic журналына көп жолу жарыяланган. Андан башка да саякат тууралуу басылмалар менен кызматташам. Эми Кыргызстанга жакын арада, балким кышында кайрадан барайын деп ойлонуп жатам. Өзүм үчүн кооз Кыргызстанды ачып алдым. Дагы көп кыдырып, өлкөнүн башка аймактарын да көрүп, иликтесем деген ниетим бар.

Каракол өрөөнү, Ыссык-Көл областы, Кыргызстан
Кыргызстан Кара-Кол ороону, пик Каракол

Арсланбоб, Арстанбап,  Жалал-Абад  облусуКыргызстан Арсланбоб Жалалабад облусу

Каракол өрөөнү

Долина Каракол, пик Каракол

Ала-Көл — Тескей-Алатоо, борбордук Тянь-Шань, КыргызстанАла-Куль, Ала-Көл,

Соң-Көл өрөөнү — Ички Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте жайгашканСон-Куль, Сон-Кёль, Сонгкёль, Сонкуль; кирг. Соңкөл Долина Сон-Куль

 

Каракол өрөөнү, Каракол чокусу
Пик Каракол чокусу

Ленин чокусуПик Ленина

Каньон, тоо кыркалары Ыссык-Көл облусуКаньон, тоо кыркалары Ыссык-Көл облусу

Соң-Көл өрөөнү

Сонкол ороону

Каньон Кыргызстана

Ленин чокусу 7100 метр бийиктиктеПик Ленина, Ленин чокусу

 

Ала-Көл деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашканАла-Көл, Ала-Куль 4000 метр бийиктикте

Каракол өрөөнү, Кыргызстан

Долина Каракол

Каракол өрөөнү

Каньон (капчыгай) кырка тоолору, Ыссык-Көл облусу, Кыргызстан

Каньон Кыргызстана

 

Арсланбоб көлү Жалал-Абад облусу КыргызстанАрсланбоб көлү Жалал-Абад облусу Кыргызстан

Соң-Көл жайлоосунда  тигилген  Бой  үйлөрСоң-Көл жайлоосу

 


Аркылуу
© albertdros.com, Albert Dros (@albertdrosphotography)
Белгилер

Ой-пикирлер:

Ой-пикир кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Арифметикалык амалды аткарыңыз *

Back to top button
Close