Кыргызстанда үйлөнүү үлпөт менен тойлор болбой калса эмне болот…

Кыргызстанда ашыкча тойлорду кескин түрдө кыскартуу демилгеси байма-бай көтөрүлүп келет. Орусиядагы миграциядагы жургөн кыргызстандыктар алар аркылуу салган акчалар тойлор менен аштарга эле жумшалып калды көбүнчөсү.
Эгер Кыргызстанда тойлор жоюлса эмне болмокчу:
1 айдан кийин – тамак-аш менен жер-жемиштердин баасы кескин арзандайт. Базарга азыктар толот – негизги сатып алуучу эми жок.
2 айдан кийин – Ресторан-Тойканалар жабылат.
3 айдан кийин – Унаанын баасы түшөт – базар эч кимге кереги жок Гелендваген менен Рендж Роверлерге толот.
Жарым жылдан кийин – Аялдар акыры өзүнө пайдалуу жана керектүү оокаттар менен алактене башташат.
1 жылдан кийин – Кыргызстандыктар чогулган акчасы көбөйгөнүн байкашат, коротуш керек – чет жакка эс алганы чыккандардын саны көбөйөт.
1 жарым жылдан кийин – товарлардын сапаты жакшырат – адамдардын талап кылуусу жогорулайт. Анткени алар бирөөнүн үлпөтүнө белекке эмес, өздөрүнө сатып ала башташты.
2 жылдан кийин – Экономикада көзгө көрүнөөрлүк көтөрүлүү болгону байкалат. Үлпөт индустриясындагы бизнесмендер бизнестин, экономикага жана калкка пайдалуу башка түрлөрүн ачышат. Акча табыш керек да.
3 жылдан кийин – акыркы жалган-ырчы жок болот.
5 жылдан кийин – ишкер аялдардын саны көбөйөт.
10 жылдан кийин – ажырашуулардын саны рекорддук төмөнкү белгиге жетет. Эч ким мактануу ирээтиндеги никеге барбай калды.
50 жылдан кийин – ата-энелер балдарына болбогон жомокторду айтып беришет: илгери ушундай бир ишчаралар болгонун, аякка такыр эле тааныбаган адамын конокко чакырганын жана үй-жайын 20 жылга күрөөгө коюп кредит алганын…
Эң башкысы, “Той качан?” жана «Тойго барыш керек!» деген сөздөр жоголот. 😉