CүрөтМекеним Кыргызстан

Кыргызстандын кооз жерлерин сүрөткө тарткан Түркиялык мугалим Зафер Динчер

Түнкү режим

Түркиялык 36 жаштагы Зафер Динчер Ош шаарына 14 жыл мурун келген. Ал сабак бергенден тышкары Кыргызстандын алыскы аймактарын кыдырып, фотосүрөткө тартып чыгарат.

Германияда төрөлгөн Зафер Динчер Түркияда билим алган. Ал эми эмгек жолун Кыргызстанда физика мугалими болуп баштаган.

Ал өлкөнүн жети дубанын кыдырып, жаратылышын сүрөткө түшүрүп келет. Динчер алгачкы фотоаппаратын колуна 25 жыл мурун алган. Профессионал фото сүрөтчү катары 5 жылдан бери таанымал.

Учурда колуктусу менен Ош шаарындагы «Сапат» лицейинде физика сабагын окутушат. Жубайлар эки баланын ата-энеси — 8 жаштагы кызы Ошто, 6 жашар уулу Таласта төрөлгөн.

Башында эл-жер көрөбүз деп келгенбиз, а бирок Кыргызстанда 14 жыл жашап калышыбыз оюбузга келген эмес. Жубайым менен жогорку окуу жайда таанышканбыз. Баш кошкондон кийин анын туугандары Кыргызстанга барып иштөөбүзгө каршы болушкан. Ошондо, биз барчу өлкө ага жагат деп ишенимдүү айттым. Балким, чет өлкөлүктөр да Кыргызстан тууралуу маалымат алып калышат. Бул кыргыз туризми үчүн пайдалуу. Сүрөт тартуу мен үчүн бизнес эмес. Зафер Динчер

 

 

Бишкекте Ахмет Доган аттуу сүрөтчү досум бар. Ал көбүнчө түндүк Кыргызстандын аймактарын тарткан, мен болсо түштүк тарабын тартам. Сүрөттөрүбүздү бириктирип, китеп чыгарсак деген оюбуз бар. Зафер Динчер

 

   
Аркылуу
Фото © zaferdincher
Белгилер

Ой-пикирлер:

Ой-пикир кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button
Close
Close