Биз көнүп калган үлпөт көйнөгү 19-кылымда гана Виктория ханышанын алкагында пайда болгон. Ал биринчи болуп үйлөнүү үлпөтүнө ак көйнөк кийип барган. Ага чейин дүйнө элдеринин баш кошуп жаткан түгөйлөрү расмий көйнөктөрү же улуттук кийимдери менен мааракени өткөзүшкөн.
Бул айрыкча Азия жана Африка элдеринин маданиятында көп кездешет. Ким билет, балким, эгер Виктория ханышасы болбосо, азыр деле бүт дүйнө ар кыл түстүү көйнөктөрдү кийишмек.
Той — бул ар бир адамдын, айрыкча кыздардын жашоосундагы маанилүү окуя. Келиндер бардык көңүлүн кооз кийимге бурушат. Көптөгөн өлкөлөрдө кыздар салтанатка ак көйнөк кийишпейт (биз ойлогондой), каада-салтка жана диний ишенимдерге дал келген улуттук кийимдерди кийишет.
Sonun.info сиз менен дүйнөнүн төрт бурчунан келген сулуу келиндердин үйлөнүү күнүндө тартылган сүрөттөрү менен бөлүшөт.