Пайдалануу эрежелери

Сайттын жалпы эрежелери, колдонуучунун кулагына күмүш сырга

Материалдарды колдонуу эрежелери

Копирайт - Знак охраны авторского права, представляет собой латинскую литеру C, помещённую в центре окружности

Sonun.info — сонун маалымат маанайшат порталында жайгаштырылган, ээлик укугуна ээ ( © sonun.info белгиси менен коштолгон), текст / сүрөт / видео материалдарды жарым-жартылай же толугу менен колдонууга, аларга ШИЛТЕМЕ жасоо жана / же материалдын Сайттагы түз дарегине издөө системалары үчүн ачык гипер-шилтеме жасоо, ошондой эле тийиштүү материалдын АВТОРУНУН АТЫ-ЖӨНҮН көрсөтүү шартында гана уруксат берилет. Материалдарды пайдаланууда анын мазмунун бурмалоочу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Аталган уруксат sonun.info тарабынан каалаган убакта эч кандай атайын эскертүүсүз бир жактуу өзгөртүлүшү мүмкүн.

Каттоо жана ой-пикир калтыруу эрежелери

Регистрация, каттоо, катталуу

  1. Каттоо учурунда сиз тандаган ысымды (логин) кийин өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
  2. Автордун да, окурмандардын да ыңгайлуулугу үчүн тексттерди латын тамгасы менен эмес, кыргызча тамгалар менен жазуу сунуш кылынат.
  3. Жарыялар, темалар жана жооптордун кыргыз тилинде болушу сунуш кылынат.
  4. Билдирүүнүн тематикасы туура келген бөлүмдө жайгашыш керек жана андан аркы талкуу билдирүү темасы боюнча болушу зарыл.
  5. Эрежелерди үзгүлтүксүз бузган колдонуучулар порталдан четтетилет жана башка ат менен жаңыдан катталбашы үчүн бардык аракеттер жасалат.
  6. Мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө.
  7. Ушул порталга курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга.
  8. Порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга.
  9. Порталдын башка катышуучусунун чыныгы аты, сүрөтү, өздүк жашоосу тууралуу маалыматтар, телефон жана дареги сыяктуу өздүк маалыматтарды анын уруксатысыз жайгаштырууга.
  10. Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө.
  11. Интимдик кызмат издөө же сунуш кылуу сыяктуу коомдук адепке туура келбеген ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө.
  12. Порталга адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга.
  13. Жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга (которууга оорчулук туудурган эл аралык мааниде колдонулган сөздөргө уруксат).
  14. Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга.
  15. Жарнама жана коммерциялык маалыматтарды «Коммерциялык жарыялар» аттуу бөлүмгө гана калтыруу үчүн биз менен байланышыңыз.
  16. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга.
  17. Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга (флуддоого).
  18. Жарыяларды тиешеси жок бөлүмдөрдө жайгаштырууга.
  19. Грамматика эрежесин атайын бузуп жазууга.
  20. Башкармалык эрежени бузган колдонуучуну эскертүүсүз порталдан дароо четтетүү укугуна ээ.

Жеке маалымат чогултуу жана эмне үчүн керек

Информация, данные
Эгер колдонуучу сайтка ой-пикир калтырса, спамды аныкташ үчүн ой-пикир формасында көрсөтүлгөн маалыматтарды, андан тышкары колдонуучунун IP дарегин чогултабыз. Жеке колдонуучулардын маалыматтары эч кимге (үчүнчү жакка) жарыяланбайт.
Ар бир ой-пикир сайтка жарыя болоордон алдың, сайттын администраторлору тарабынан кылдаттык текшерилет. Интернеттеги бардык нерселер провайдерлердин маалымат базасында жазылып жана сакталып калат. Ошондуктан жаман нерсе жазуудан мурун ойлонуңуз. Порталдын катышуучуларынын IP-даректери укук коргоо органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча гана берилет. Бирок IP-дарек өзүнөн өзү сыр деп эсептелбейт жана интернеттин ар бир серверинде жазылып калат. Конкреттүү IP-даректин колдонуучусу тууралуу маалымат провайдерге гана белгилүү.
Back to top button
Close