Аралыктан иштөө, колдоо, окутуу жана конференцияларды уюштуруу үчүн тез жана коопсуз колдонмо болуп саналат. Алыстан интернет аркылуу компьютерлерге жана уюлдук телефондорго мүмкүндүк алууну уюштуруу үчүн мыкты чечим.
Алардын жардамы менен сиз жакындарыңыздын техникалык-программалык көйгөйлөрүн чече аласыз же компьютерлердин ресурстарын аралыкта колдоно аласыз.
Тизмеде көрсөтүлгөн программалар компьютериңизди башка компьютерлерден же мобилдик түзмөктөрдөн интернет аркылуу башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Алыстагы түзмөккө кирүү мүмкүнчүлүгүн алып, аны жакын жердегидей башкара аласыз: орнотууларды өзгөртүү, орнотулган колдонмолорду ишке киргизүү, файлдарды көрүү, түзөтүү жана көчүрүү.
Негизги функциялары:
- Үйдө олтуруп офистеги жумуш компьютерине туташуу
- Үйдөн алыс жакта болгондо үй компьютерине туташуу.
- Документтер менен иштөө, электрондук почтаны текшерүү жана файлдарды үй компьютеринен жүктөө жана аларды түзөтүү
- Кесиптештериңиздин, досторуңуздун же кардарларыңыздын компьютерлерине атайын алыстан кирүүнү уюштуруу
- Техникалык колдоо көрсөтүү үчүн Android жана iOS түзмөктөрүнө туташуу
1) TeamViewer
Аралыктан иштөө, колдоо, окутуу жана конференцияларды уюштуруу үчүн тез жана коопсуз колдонмо болуп саналат. Алыстан интернет аркылуу компьютерлерге жана уюлдук телефондорго мүмкүндүк алууну уюштуруу үчүн мыкты чечим.
www.teamviewer.comНегизги функциялары:
- Үйдө олтуруп офистеги жумуш компьютерине туташуу
- Үйдөн алыс жакта болгондо үй компьютерине туташуу. Документтер менен иштөө, электрондук почтаны текшерүү жана файлдарды үй компьютеринен жүктөө жана аларды түзөтүү
- Кесиптештериңиздин, досторуңуздун же кардарларыңыздын компьютерлерине атайын алыстан кирүүнү уюштуруу
- Техникалык колдоо көрсөтүү үчүн Android жана iOS түзмөктөрүнө туташуу
Орнотуу жана пайдалануу тартиптери (компьютер-компьютер)
Телефондон компьютерди башкаруу (телефон-компьютер)
Компьютерден телефонду башкаруу (компьютер-телефон))
2) AnyDesk
Аралыктагы иш столго туташуучу программа
https://anydesk.comAnydesk (андроид)
3) Radmin
Бул компьютерлерди алыстан аралыктан башкаруунун тез жана ишенимдүү программасы. Реалдуу убакытта аралыктагы компьютердин экранынын алдында отуруп толук иштөөгө мүмкүндүк берет.
https://www.radmin.ru/Орнотуунун жана колдонуунун тартиби
Radmin 3.5.2.1 эки модулдан турат:
- Radmin Viewer 3.5.2.1 жергиликтүү өзүңүздүн компьютерге орнотулушу керек (мисалы, үй компьютерине же ноутбукка)
- Radmin Server 3.5.2.1 сиз туташкыңыз келген алыскы компьютерге орнотулушу керек (мисалы, жумуш компьютерине же клиент, досуңуздун компьютерине)
Программаны орнотуу:
Radmin Server 3.5.2.1 орнотуу:
- Radmin Server орнотуу үчүн Radmin_Server_3.5.2.1_RU.msi файлын ачыңыз.
- Экрандын көрсөтмөлөрүн аткарыңыз. Орнотуу программасы бардык керектүү файлдарды тутум папкасына көчүрөт.
Radmin Viewer 3.5.2.1 орнотуу:
- Radmin Viewer орнотуу үчүн Radmin_Viewer_3.5.2.1_EN.msi файлын ачыңыз.
- Экрандын көрсөтмөлөрүн аткарыңыз жана сунуш кылынганда орнотуу папкасын тандаңыз. Орнотуу программасы бардык керектүү файлдарды көрсөтүлгөн папкага көчүрөт.
Туташууну орнотуу:
Аралыктагы компьютерге орнотулган Radmin Server ди тууралоо
Жергиликтүү компьютерден Radmin Viewer’ди ачыңыз.